Адрес центра ГЭС-5, Объездная дорога, возле кольцевой на ГЭС-5, ниже села Биримдик Кут.
Адрес офиса продаж Л. Толстого36 К/1, бизнес центр Монолит, 802 офис, office@karavan.kg
  • 0700
  • 0990
  • 0220
100 400

ТЛЦ "Караван" » Артыкчылыктарыбыз

Артыкчылыктарыбыз

 Соода орундарын сатып алуу үчүн ыңгайлуу шарттар

Биз Сиз үчүн  ижара укугунда соода орунун сатып алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды иштеп чыктык. Сиз жалпы нарктын 30% суммасын төлөп, калган бөлүгүн 12 же 18 айдын ичинде бөлүп (бирдей суммада) төлөсөңүз болот. 100 % төлөгөн учурда болсо, соода орундарын арзаныраак баада сатып алып, каражатыңызды үнөмдөй аласыз.

 

Ыңгайлуу жерде жайгашкандыгы

«Караван» соода-логистикалык борбору  Чүй облусунда А365 республикалык трассасында, айланып өтүүчү жолдо орун алгандыгы   менен бир катар артыкчылыктарга ээ. Тактап айтканда,  Бишкек ш., Чүй, Ысык-Көл жана Нарын, жана да  Жалал-Абад, Ош облустарынан дүң жана чекене соода кылуучу кардарларды тартуу  үчүн абдан ыңгайлуу. 2021-жылы  "Бишкек-Нарын-Ош" альтернативдүү жолунун ишке киргизилиши менен аймактар аркылуу жүк ташуу агымынын өсүшү күтүлүүдө жана бул жагдайда логистикалык борбордун жайгашкан орду кардарлар үчүн ыңгайлуу боло тургандыгы шексиз. Альтернативдик жолун эксплуатацияга киргизүүдө, СЛБ Бишкек шаарынын кире беришиндеги биринчи ири логистикалык борбор болуп эсептелет. СЛБ "Ак-Тилек" чек ара бекетинен 10 чакырым алыстыкта жайгашкан, ал аркылуу Россия Федерациясынан, Казакстандан жана Европадан жүктөр өтөт.


 

Ыңгайлуу ангарлар

Курулуш базарларында курулуш жана сооданы уюштуруу боюнча тажрыйбабызды колдонуу менен кеңири соода-кампа ангарларын курмакчыбыз. Соода-логистикалык борбордо дүң сооданы уюштуруу үчүн 430дан ашык соода-кампа орундары – ыңгайлуу ангар жайлары курулат. Сунушталып жаткан  соода-кампа ангарларын 2 түрдө: чоң ангар (C жана D сектору)  – туурасы 6 м, узундугу 15м. – 90 ч.м., кичине ангар (А жана В сектору), кичине  ангар  ( А жана B сектору) туурасы 6 м, узундугу 12м. – 72 ч.м.

Ар бир ангардын кирүүчү тобунун бийиктиги 6 метрди жана чатырга жакын жери 8 метрди түзүп, соода кылууга жана кампа катары пайдаланууга ыңгайлуу.


 Оор жүк ташуучу автоунаалар

Соода-логистикалык борбордун аймагында оор жүк ташуучу унаалар үчүн  300дөн ашык унаа токтотуучу орун түзүлөт. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн кафе, мейманканалардын,  банктардын  бөлүмдөрүнүн жана банкоматтардын, ТТС, вулканизациялардын жана автоунаа жуучу жайлардын кызматтарын колдоно алышат. Көлөмдүү жана оор товарларды ылдам жана ыңгайлуу түшүрүү-жүктөө үчүн жүк салуучу кран бар.


 Кеңири ассортимент

Соода-логистикалык аймагында жасалгалоочу материалдар, үй жана бакча үчүн товарлар, курулуш шаймандары сыяктуу  курулуш материалдары үчүн  дүң сооданы уюштуруу.Бир эле соода аянтчасынан товарлардын каалаган түрлөрүн табууга болот. Мындай мүмкүнчүлүк, албетте, кардарлар үчүн абдан ыңгайлуу болмокчу.


 Ылдам жана ыңгайлуу

«Караван» соода-логистикалык борбордун жалпы аянты  30 гектарга жакын, кардарлардын  жеңил унаалары үчүн 1000ден ашык унаа токтотуучу орун, оор жүк ташуучу унаалар үчүн  300дөн ашык унаа токтотуучу орун, «Караван» соода-логистикалык борборуна  автоунаалар  4 тараптан ыңгайлуу кирип -  чыгуу  үчүн 8  кирип-чыгуучу жол каралган.  Көлөмдүү жана оор товарларды ылдам жана ыңгайлуу түшүрүү-жүктөө үчүн жүк салуучу кран, жашылдандырылган аймак, кафе, мейманканалар,  банктардын бөлүмдөрү  жана  банкоматтар ушунун бардыгы бир аянтчада.




Кыргызча
Русский