Адрес центра ГЭС-5, Объездная дорога, возле кольцевой на ГЭС-5, ниже села Биримдик Кут.
Адрес офиса продаж Л. Толстого36 К/1, бизнес центр Монолит, 802 офис, office@karavan.kg
  • 0700
  • 0990
  • 0220
100 400

ТЛЦ "Караван" » Биз тууралуу

Биз тууралуу

 

Соода байыртадан эле дүйнө калкынын жана мамлекеттердин өнүгүүсүнүн негизи болуп келген. Тарых барактарын барактасак, Кыргызстандын аймагы аркылуу  Улуу  Жибек жолу өткөн. Соода кербени ошол мезгилдин улуу ири соода цивилизацияларын  – Кытай, Индия, Орто Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүн байланыштырып, калктардын ортосунда маданий баалуулуктар, каада-салттар, билим жана технологиялар багытындагы  алаканы калыптандырган. Соода жолу аркылуу көптөгөн соода кербендери каттап, кербен сарайлар, шаарлар курула баштаган.


«Караван» соода-логистикалык борбору байыркы кербен-сарайлардын заманбап, уникалдуу жана  ыңгайлуу варианты, жана да  Улуу Жибек жолундагы Кыргыз Республикасынын аймактык борбору болмокчу. «Караван» соода-логистикалык борборунда курулуш материалдарын, шаймандарды , электротехникалык, үй-чарба товарларын,эмерек,сантехника, бакча  үчүн керектүү болгон товарларын дүң жана чекене сатуу үчүн зарыл болгон заман талабына толугу менен жооп берген кеңири соода-кампа ангарлары бар. Мындай инфраструктура транспорттук компаниялардын  транспорттук-логистикалык  кызматтарды көрсөтүүсүн    максималдуу ыңгайлуулук менен уюштурууга  шарт түзөт.


«Караван»  соода-логистикалык борбору  А365 республикалык трассасында жайгашкан.  Аянты 30 гектарды түзөт. Республикалык маанидеги стратегиялык  трассада жана Бишкек шаарына жакын орун алгандыгы  менен бир катар артыкчылыктарга ээ. Тактап айтканда,  Бишкек ш., Чүй, Ысык-Көл жана Нарын, жана да  Жалал-Абад, Ош облустарынан дүң жана чекене соода кылуучу кардарларды тартуу  үчүн абдан ыңгайлуу.


Ижарачылар, транспорттук компаниялар, сатуучулар (ишкердик жүргүзүү үчүн) жана  соода-логистикалык борборго келген меймандар  үчүн бир катар  ыңгайлуулуктар бар. Маселен, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн унаа токтотуучу жай, кафе, мейманкана, тамак-аш дүкөндөрү, мечит жана ишкер жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн конференц зал, банктар жана банкоматтар  да иштейт. Күнү-түнү кайтарылат, видеокөзөмөл системалары тарабынан көзөмөлдөнөт.


Транспорттук  компаниялар оор жүк ташуучу транспорт унааларын кеңири унаа токтотуучу жайга киргизе алат.  Техникалык камсыздоо  станцияларында унааларды оңдоо ишке ашырылат. Вулканизация жана унаа жууп -тазалоо кызматтары да көрсөтүлөт.

Борборго унаалар  4 тараптан кирет. Көлөмдүү жана салмагы оор товарларды түшүрүү же жүктөө үчүн кран орнотулган .

Дүң соода кылуу үчүн ангар жайлары бар. 


Ар бир ангардын бийиктиги 6 метрди жана чатыр жакын жери 8 метрди түзүп, соода кылууга жана кампа катары пайдаланууга ыңгайлуу. Унаа токтотуучу жайдын кеңири аянты,жана да секторлордун арасындагы кеңири аралык  болсо,  оор жүк ташуучу унаалардын кыйынчылыксыз кирип-чыгуусуна, каалагандай салмактагы түрдүү товарларды (жүктөрдү) түшүрүүгө жана жүктөөгө өбөлгө түзөт.

Биздин өнөктөштөр

  1. «Эталон Строй» курулуш базары, Тоголок Молдо көчөсү, Витебск көчөсү менен кесилишет,  «Старый толчок» аймагы.
  2. «УСТА» курулуш базары, Асаналиев көч. 16 (мурдагы Некрасов көч.),  Лев  Толстой көчөсү менен кесилишет.

 

Ээлеп коюу үчүн табыштама калтыруу.

Кыргызча
Русский