Транспорттук - логистикалык компаниялар үчүн ишкердикти уюштуруунун мыкты шарттар түзүлгөн.
Транспорттук компаниялар 300дөн ашык орунга эсептелген унаа токтотуучу жайда өзүнүн ири габариттүү оор жүк ташуучу транспорт автопаркын жайгаштыра алат, жана да техникалык тейлөө станцияларында унааларды оңдоо, вулканизация жана унаа жууп -тазалоо, мейманкана, кафе,азык-түлүк дүкөндөрүнүн кызматтарынан колдоно алышат. Зарыл болгон бардык инфраструктура колдонуу үчүн ыңгайлуу болгондой жайгаштырылган.
«Караван» соода-логистикалык борборуна келген автоунаалар 8 кирип-чыгуучу жол аркылуу ар тараптан кире алат. Көлөмдүү жана оор товарларды (каалаган салмактагы) ылдам жана ыңгайлуу түшүрүү-жүктөө үчүн жүк салуучу кран бар.