Борбордун дареги ГЭС- 5, Айланып өтүүчү жол, Биримдик Кут айылынын төмөн жагында
Сатуу кеңсесинин дареги Л. Толстой көчөсү - 36 К/1,Бизнес борбору Монолит, 802-кеңсе

  • 0700
  • 0990
  • 0220
100 400

ТЛЦ "Караван" » Жаңылыктар » Бардык жагынан ыңгайлуу!

Бардык жагынан ыңгайлуу!

 






"Караван" соода-логистикалык борборунда – бардыгы ыңгайлуу жана пайдалуу!

Биз "Караван" соода-логистикалык борборунда дүң соода жүргүзүүнү уюштуруу  үчүн бардык жагынан ыңгайлуу шарттарды түздүк. Сиз үчүн логистикалык борбордун алкагында 400 дөн ашык соода орундары жайгаштырылат, аларды кампа катары да колдонууга болот.

«Караван»  соода-логистикалык борбору ГЭС-5тин жанындагы А365 республикалык трассасында жайгашкан.  Аянты 30 гектарды түзөт. Республикалык маанидеги стратегиялык  трассада жана Бишкек шаарына жакын орун алгандыгы  менен бир катар артыкчылыктарга ээ. Тактап айтканда,  Бишкек ш., Чүй, Ысык-Көл жана Нарын, жана да  Жалал-Абад, Ош облустарынан дүң жана чекене соода кылуучу кардарларды тартуу  үчүн абдан ыңгайлуу жана  келечекте «Караван» СЛБ аймактык соода-логистикалык борборго айлана тургандыгы бышык.

 Соода базарларын куруу жана уюштуруу боюнча тажрыйбабызды эске алуу менен,  "Караван" соода-логистикалык борборунун оптималдуу өлчөмдөрүн жана ыңгайлуу инфраструктурасын иштеп чыктык.
Дүң сооданы уюштуруу үчүн биз 2 түрдөгү соода-кампа ангарларын иштеп чыктык:
    1. Чоң ангар (C жана D сектору)  –

 туурасы 6 м, узундугу 15м. – 90 ч.м.

Кичине  ангар  ( А жана B сектору)- туурасы 6 м, узундугу 12м. – 72 ч.м.

Ар бир ангардын кирүү тобунун бийиктиги 6 метрди жана чатырга жакын жери 8 метрди түзүп, соода кылууга жана кампа катары пайдаланууга ыңгайлуу. Унаа токтотуучу жайдын аянты, жана да секторлордун арасындагы кеңири аралык  болсо,  оор жүк ташуучу унаалардын кыйынчылыксыз кирип-чыгуусуна, каалагандай салмактагы түрдүү товарларды (жүктөрдү) түшүрүүгө жана жүктөөгө өбөлгө түзөт.

Ангарлардын айланасы жашылдандырылмакчы  жана түрдүү товарларды (жүктөрдү) ыңгайлуу  түшүрүү  жана жүктөө  үчүн унаа токтотуучу орундар менен камсыздалмакчы. 
Ижарачылар, транспорттук компаниялар, сатуучулар (ишкердик жүргүзүү үчүн) жана  соода-логистикалык борборго келген меймандар  үчүн бир катар  ыңгайлуулуктар бар. Маселен, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн унаа токтотуучу жай, кафе, мейманкана, тамак-аш дүкөндөрү, мечит жана ишкер жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн конференц зал, банктар жана банкоматтар  да иштейт. Күнү-түнү кайтарылат, видеокөзөмөл системалары тарабынан көзөмөлдөнөт.

Толук маалымат алууну кааласаңыз, 0700 100 400, 0990 100 400, 0220 100 400 номерлерине чалыңыз же сайттагы онлайн-табыштаманы толтуруңуз. Биздин  менеджерлер сиз менен сөзсүз байланышат.

Кыргызча
Русский